Калп жазгандар камалабы? (2)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш жалган маалымат тараткан журналисттердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам кабыл алды. Ага ылайык жалган маалымат тараткан журналист айып пул төлөйт, камалышы мүмкүн. Журналисттер жана жарандык коом бул демилгени сөз эркиндигин муунтуу катары баалап жатышат. “Ыңгайсыз суроолордо” ушул маселе талкууланып, ага депутат Туратбек Мадылбеков менен “Деньги и власть” гезитинин баш редактору Турат Акимов катышты.