Спорттук азем бийчилер Алматыдан байгелүү кайтты

Спорттук азем бий боюнча кыргызстандык бийчилер Алматыда өткөн Kazakhstan Open-2014 эл аралык турнирден байгелүү кайтты. Таймаш 19-20-апрелде өтүп, Кыргызстан командасы тогуз категория боюнча мөрөй талашты.

Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей чоңдор арасында алтын медал алса, жаштар Рустам Резванов менен Арина Когадей экинчи орунга ээ болду. (RK)