Кара-Кеченин жолуна эки бекет коюлду

Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов кабарлады. Ага ылайык, Жумгал районундагы Миң-Куш шаарынан Кара-Кечеге бараткан жолдо Арал деген участокто эки бекет орнотулду. Азыр тараза коюу маселеси чечилип жатат. “Бекеттерде милиция кызматкерлери жана салыкчылардан сырткары Кара-Кечеде көмүр казган бардык ишкананын өкүлдөрү болот. Унаалар ошол жерден кезек-кезек менен жөнөтүлүп турат, кирген-чыккандар көзөмөлгө алынат. Ашыкча жүктөлгөн көмүр болсо, ал бекеттин жанындагы топ базага түшүрүлөт”, -деди Кайыпов.

Кечээ, 22-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ички иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушууда Кара-Кечедеги кырдаалды талкуулады. Анда көмүрдү мыйзамсыз ташуу токтобой жатканын, көзөмөлдүн жоктугун, бул иштерге уюшма кылмыш топтор менен кошо айрым милиция кызматкерлери аралашып алганын айтып сынга алды. (EBM)