Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков дүйнө салды

Коомдук ишмер, саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 24-апрелге караган түнү 77 жаш курагында каза болду.  

Маркум 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган. Туңгуч президент Аскар Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

1971-75-жылдары – СССРдин Жапониядагы элчилигинде экинчи жана үчүнчү катчысы, 1975-78-жылдары Жапониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болгон.  
 
Өмүр бою дипломатиялык кызматтарда, коомдук-саясий уюмдарда эмгектенген.
 
Соңку жылдары “Кыргызстан-Жапония” коомунун президенти, Тышкы иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүргөн.

2007-жылы “Данакер” ордени менен сыйланган.