Өкмөт башчы парламентте отчет берет

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы бүгүн өкмөттүн 2013-жылдагы иши жөнүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отчетун угат.

Жыйынга бардык өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери да катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылы өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев башкарган. Ал отставкага кеткен соң көпчүлүк коалиция Жоомарт Оторбаевди быйыл 4-апрелде башбакандыкка тандаган. (SE)