Тоңдо жол кырсыгынан эки адам каза болду

28-апрель күнү кечинде Балыкчы - Бишкек унаа жолунун Тоң районунун аймагында автокырсыктан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Volkswagen Passat”  жана “Toyota Mark II” үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктан жараат алган 5 адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилди.(BkA)