Токтогулдун 150 жылдыгы Астанада белгиленет

3-майда Казакстандын борбору Астанада улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленет. Аны Казакстандагы кыргыздардын “Кыргызстан-Астана” уюму өткөрүүдө. Акындын чыгармаларынан үзүндү окулуп, көргөзмөлөр өтөт. Ошондой эле Токтогулдун чыгармаларынын казак тилиндеги жыйнагы басылып чыгат.

Быйылкы жылды эл аралык "Түрксой" уюму Токтогул Сатылганов жылы деп жарыялаган болчу.(BkA)