Вице-премьер Кыргызстан ХИПК программасына кирбегенине өкүндү

Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри Валерий Диль өлкөнүн ХИПК (Heavily Indebted Poor Countries) программасынан баш тартканына өкүнүчүн билдирди. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында сүйлөп жатып ал "2007-жылы Кыргызстан бул программага кошулганда бүгүн өлкө экономикасы үчүн жеңил болмок" деген пикирин айтты.

2007-жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ХИПК программасына кошулууну сунуштаган. Ага ылайык, өлкө карызынын бир бөлүгү кечирилмек. Бирок коомчулуктун ага кошулуу менен өлкө экономикалык көз карандысыздыгынан ажырайт деген нааразылыгынан улам ал кездеги өкмөт программадан баш тарткан.(BkA)