Сеул: метродогу кырсыктан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Бул тууралуу Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2-май күнү кечке маал Сеулда метролор кагылышкан. Андан 200гө жакын адам жаракат алган. Алардын үчөө чет өлкөлүк жарандар болгон. Жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин элчилик кызматкерлери тактады. (BkA)