Нарында мектепти өрттөө аракети жасалды

Нарын шаарында Матен Сыдыков атындагы мектепти өрттөп кетүү аракети жасалды. Эки эшикке 4-май түнү белгисиз адамдар өрт коюп кеткенин "Азаттыкка" бүгүн мектеп директору Жийде Көкөтаева билдирди.

Мектеп алдына гүл өстүрүү үчүн коюлган унаа дөңгөлөктөрү эки кире бериш эшиктин жанында өрттөлгөн. Темир эшиктер күйүп, өрт мектептин ичине жетпей өчүп калган. Азыр баары кайра оңдолуп, калыбына келтирилди.

Окуя боюнча Нарын шаардык милициясында териштирүү жүрүүдө. (TSh)