Атамбаев Москвада ЖККУ жыйынына катышат

Президент Алмазбек Атамбаев шейшемби кечинде Москвага барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент Москвада 8-майда өтчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммитине катышат. (BkA)