Британия Украинаны реформага үндөдү

Киевде иш сапарда жүргөн британ тышкы иштер министри Уильям Хейг украин өкмөтүн реформа баштоого чакырды.

- Украинанын жарандары экономикасын коррупция талкалаган өлкөдө эмес, жашоосун татыктуу кура ала турган шарты бар мамлекетте жашашы керек, - деди Хейг

Хейг Украинага кечээ, 6-майда келген. Өзүнүн бул сапарын ал украин бийлигин колдоонун белгиси катары сыпаттоодо. Ал "Орусия Украинага басым жасап, алдыдагы президенттик шайлоого тоскоолдук кылууга аракеттенип жатат" деген пикирин билдирди.