Жеңиш күнүнө карата көк бөрү мелдеши өтүүдө

6-майдан бери Бишкек шаарындагы “Ак кула” ат майданында Жеңиш күнүнө жана белгилүү киноактерлер Үсөн Кудайбергенов менен Сүймөнкул Чокморовдун байгесине карата көк бөрү мелдеши өтүүдө. Өлкө аймагынан тандалган 6 команда мөрөй талашууда.

Талас облусунун тандалма командасы “Суусамыр” командасын утуп алды. Бишкектин “Бөрүлүсү” менен шаардык милициянын командасы 4:4 эсебинде тең чыкты. Ош облусунун “Достугун” Жайыл районунун “Суусамыры” 5:1 эсебинде жеңди. Москва районунун “Асылбашын” Бишкектин “Бөрүлүсү” 3:1 эсебинде утуп алды.

8-майда Ош облусунун “Достук” командасы менен Талас облусунун тандалма командасы беттешүүдө. Андан кийин Москва районунун “Асылбашы” менен Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын командасы күч сынашат.

9-майда баш байге үчүн таймаш болмокчу. Бул ирет мелдештин демөөрчүсү “Замандаш” ассоциациясы жана көк бөрү федерациясы болууда. Көк бөрүдөн сырткары да 9-майда кунан, бышты чабыш, аламан байге, жорго салдыруу, оодарыш ат оюндары өтөөрүн “Аргымак” ат оюндар федерациясынын президенти Канат Исаев маалымдады. Кыска аралыктарга асыл тукум күлүктөр да сыналат. (КМа)