Москва: курултайдын 2-күнү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Москвада өтүп жаткан чет жердеги кыргызстандыктардын үчүнчү курултайынын жүрүшүндө иш-чаранын эффективдүүлүгү сынга алынды. Түркиядан келген диаспора өкүлдөрү үчүнчү ирет курултайга катышып жатканын бирок мурда кабыл алынган резолюцияларда камтылган маселелердин аткарылышы көзөмөлдөнбөгөнүнө нааразылыгын билдиришти.
Учурда курултайдын катышуучулары кийинки курултайдын ордун аныктоону талкуулап жатышат. Анын жүрүшүндө кийинки жылы курултай Бишкекте өткөрүү сунушталып, бирок ал сунуш өткөн жок.