Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча өкмөттүк штаб түзүлдү

Аны биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында биометрикалык маалыматтарды топтоону 31-августтан тарта баштоо тапшырылган. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапканы кийинчерээк кабарланган. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо "бир жаран-бир добуш" системасын камсыздоого багытталган.