Грузияда Илия II “Үй-бүлө бекемдөө күнүн” өткөрүүнү сунуштады

Грузия ортодокс чиркөөсүнүн башчысы, Патриарх Илия II өлкө жарандарын 17-майда “Үй-бүлөнү бекемдөө жана ата-энелерди сыйлоо күнү” деп белгилөөгө чакырды. 17-май Гомофобия жана трансфобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Патриарх Илия II өз кайрылуусун жарыялагандан төрт саат илгери Грузиянын ортодокс чиркөөсү жактырбаган "Дискриминацияга каршы" мыйзам күчүнө кирген. Өткөн аптада Патриарх Илия II береги мыйзамды "адеп-ахлакка сыйбаган күнөө иштерди легалдаштырат" деп, ага каршы чыккан жана динзарлар аны колдобосун билдирген. Дискриминацияга каршы мыйзам Евробиримдиктин Грузия жарандарына виза режимин либералдаштыруу планына ылайык иштелип чыккан. Ал боюнча грузиялыктар Евробиримдикке мүчө 28 мамлекетке кыска мөөнөткө визасы жок эле каттаганга мүмкүндүк алат.