Сариев: Бажы биримдигинде мигранттар маселеси каралган эмес

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши мигранттарга таасир тийгизбейт. Бул тууралуу бүгүн экономика министри Темир Сариев маалымат жыйынында билдирди.

Өкмөт бүгүн Бажы биримдиги боюнча "жол картасынын" долбоорун жактыруу чечимин кабыл алган соң журналисттерге берген интервьюсунда Сариев буларга токтолду:

- Бажы биримдиги товарлардын чек ара аркылуу өтүшүн, тагыраак айтканда, экспорт менен импорттун шарттарын карайт. Ошонун ичине фитосанитардык жана техникалык маселелерди да камтыйт. Ал эми мигранттар маселеси Евразиялык экономикалык аймак боюнча документте белгиленген. Кыргызстан ал уюмга кирүү үчүн да арыз тапшырган.

Өкмөттүн Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картанын" долбоорун жактырган чечими эми парламентте талкууланат. Аны Жогорку Кеңеш жактырып, президент бекиткен соң Бажы биримдигине кирүү боюнча эл аралык келишим жазылат. Ал документ да өкмөттүн жана парламенттин элегинен өтүп, президент кол койгондон кийин Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болду деп эсептелинет.

Азыр бул уюмга Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстандын ага кирүү аракети коомчулукта талаш жаратып келет. (SE)