Өзгөндө эки жашар кыз сууга агып кетти

Оштун Өзгөн районунда Кызыл-Туу айылынын 2 жашар тургуну Акжибек Бакирова каналга агып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 17-майда аталган кыз айылдагы канал боюнда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. Алгач кыздын ата-энеси, туугандары издеп, таппаган соң райондук куткаруу кызматына кайрылган. 18-майда куткаруучулар каналдан кыздын сөөгүн таап, ата-энесине тапшырды.

Өткөн аптада Жалал-Абаддын Ноокен районунда да 2 жашар кыз каналга түшүп, каза тапкан эле. (BkA)