Сириядагы жаңжалда өлгөндөрдүн саны 162 миңден ашты

Сириядагы үч жылдан берки согушта апаат болгон адамдардын саны 162 миңден ашып кеткенин башкеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюм 19-майда билдирди. Маалыматка караганда, калабада 54 миң жаран, куралдуу оппозициянын 43 миң мүчөсү жана президент Асадга ишенимдүү 61 миң аскер, ошондой эле 3 миңге жакын тек жайы такталбаган адам өлгөн.

БУУ Сириядагы жарандык согушта өлгөндөр жөнүндөгү маалыматты тастыктоо мүмкүн болбой калды деп, июлдан бери адамдар арасында чыгымды эсептөөнү токтотуп койгон. 2013-жылдын июлуна карай, Улуттар уюмунун эсеби 100 миңге жеткен болчу.

Сириядагы жаңжалдын кесепетинен 2011-жылдын март айынан бери өлкөдөгү 22 млн. элдин теңине жакыны там жайын таштап, бозгун болуп жүрөт.  Куралдуу тирешүүлөр тынч демонстрацияны Сирия өкмөтү күч менен баскандан кийин башталган.