Абдылдаев: Шанхайда Украинадагы кырдаал да талкууланат

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишенимди бекемдөө кенешмесинде 20-майда кол коюла турган Шанхай декларациясынын тексти толук макулдашылып бүтө элек, тараптар анын үстүнөн иштешүүдө. Бул жөнүндө Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 19-майда Шанхайда журналисттер менен болгон кездешүүдө билдирди. Министр эртеңки жыйында Украинадагы кырдаал талкууланат деп ишент.

Абдылдаев ошондой эле Кыргызстан Украинадагы кризисти украиндер өздөрү чечиши керек деп эсептей турганын кайра кайталады, - деп билдирди Шанхайдан атайын кабарчыбыз Венера Жуматаева. Шанхайдагы саммитке 11 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын да президенти катышат.