Украинада жикчилер менен кармашта тогуз аскер окко учту

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен кармашууда коопсуздук күчтөрүнүн 9 жоокери окко учту. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министрлиги кабарлады.

Министрликтин басма сөз өкүлү Бохдан Сенктин айтымында, 22-майда Донецктин жанындагы Волноваха деген жерде жикчилер текшерүү пунктуна чабуул коюшканда 8 аскер набыт кетип, 17си жараат алды. Дагы бир жоокер кошуна Луганск облусунда окко учту.

Ал тапта Орусиянын коргоо мекемеси Украина менен чек аралаш Белгород, Брянск жана Ростов облустарынан курал-жарак жана аскерлер алынып кеткенин билдирди. НАТО болсо кошуна өлкө менен чек арасында 40 миңдей аскерин топтогон Орусиянын куралдуу күчтөрүн масштабдуу түрдө чыгарып кетүүдө деген ишара жок деп ырастоодо.