Рим папасы Израилге келди

25-майда Палестин бийлигинин башчысы Махмуд Аббас менен жолугушкан Рим папасы Франциск андан кийин Тел-Авивге келди. Аны аба майданда Израил президенти Шимон Перес жана өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху тосуп алды.

Махмуд Аббас менен жолугушууда Рим папасы палестин-израил чатагын жөнгө салууга чакырып, аны кабыл алгыс болуп баратканын белгиледи. Рим папасы Жакынкы Чыгышка үч күндүк  сапарын Иорданиядан  баштаган. Ал бул жерлерде диний жөрөлгөлөрдү да өткөрдү. (AiT)