УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматкери пара менен кармалды

Чүйдүн Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү 25 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу кабарлаган Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча 22-май күнү аны жарандыгы жок кишиге кыргыз атуулдугун алып берүү максатында акча алып жаткан жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү колго түшүргөн.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. (SE)