27-майга карата аба ырайы

27-май, шейшемби күнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
 
Абанын температурасы:
 
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14 , күндүз 28…33,

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус болот.
 
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус жылуу болот.