Казакстандагы кыргыз диаспорасы Талиевага бойкот жарыялады

Бул тууралуу Казакстандагы кыргызстандыктардын диаспора өкүлдөрү “Азаттыкка” маалымдашты. Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине байланыштуу Астанада өткөн жыйынга катышкан министр уюштуруучулар тууралуу бир ооз сөз айтып койбогону диаспоранын нааразылыгын туудурган. Алар 26-май күнү бул боюнча атайын кат менен вице-премьер-министр Элвира Сариевага кайрылып, КР маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева уюштурган иш-чараларга катышпай турганын билдиришкен.

Кайрылууда айтылгандай, алардын нааразылыгына Орусиядагы жана Түркиядагы кыргыз диаспоралары да тилектештигин билдиришкен.

Казакстандагы кыргызстандык диаспора ушул жылдын 3-майында Астанада Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата атайын конференция өткөрүп, ага Камила Талиева баштаган кыргызстандык делегация катышып келген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул боюнча өз пикирин азырынча билдире элек. (ZKo)