Армения түрк президентин "армяндардын кыргынын" эскерүүгө чакырды

2015-жылы 24-апрелде Ереванда "Осмон империясы тарабынан армяндарды кыргынга алуусунун" 100 жылдыгы белгиленет. Эскерүү иш-чарасын уюштуруу жыйынында сүйлөгөн армян президенти Серж Саргсян түрк президентин ага катышууга расмий чакырды.

Бул датанын алдында түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 1915-жылы армяндарды массалык түрдө депортациялоо жана андагы кишилердин өлүмүн “биздин жалпы жараатыбыз” деп атады. Түрк өкмөтү ал окуяны геноцид деп атоого каршы чыгып, андай терминди колдонбоону талап кылып келатат. (AiT)