Обама Ооганстанда АКШ аскерлерин дагы калтырууну жактады

АКШнын президентинин билдирүүсүнө караганда, ал 2014-жылдан кийин да Ооганстанда 9800 америка аскери калышын жактайт. Бул аскерлер ооган күчтөрүнө кеңеш берүү милдетин аткарат. Ал эми өлкөдөгү кырдаалга ооган күчтөрү толук жооп берет.

2015-жылдын аягына карай Кошмо Штаттардын Ооганстандагы аскерлеринин жарымы, ал эми 2016-жылдан аягына 9800 аскерден башка бардык аскерлери чыгарылат. Бул аскерлер да ооган өкмөтү менен коопсуздук келишимине жетишилсе гана калат. Азыркы кезде президент Хамид Карзай андай келишим түзүүдөн баш тартууда. (AiT)