Чек арачыларга Бишкектен үй тийди

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев 72 чек арачыга батирдин ачкычтарын тапшырды. Алардын ичинен бешөө кызматын өтөп жүрүп көз жумган чек арачылардын жесирлерине, бирөө ата-энесине, дагы үч батирдин ачкычы Ооганстанда интернационалдык милдетин өтөгөн аскерлерге берилди.

Бишкектин "Жал" кичи районунда атайын чек арачыларга арналып тургузулган көп кабаттуу үйдүн курулушу 2008-жылы июнда башталган. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 102 млн. 852 миң сом бөлүнгөн.

Бүгүн, 28-май Кыргызстанда чек арачылардын күнү. (ZKo)