Египетте президенттик шайлоодо Абдел Фаттах ал-Сиси жеңишке жетти

Бул тууралуу анын шайлоо командасынан кат жүзүндө кабарлашты. Эки миң шайлоо бекети жабылгандан кийин Сиси 93.4% добушка ээ болгон. Анын атаандашы Хамдин Сабахи 2.9% добуш алган.  

Добуш берүүгө шайлоочулардын 44.4% келген. "Ройтерс" маалымат агенттиги шайлоочулар өтө аз катышканын кабарлайт. (AiT)