Индияда эки кызды зордуктап өлтүрүүгө шектүү үч киши кармалды

Индиянын түндүгүндөгү айылда 14 жана 16 жаштагы эже-сиңдини зордуктап, бакка асып койгон деген шек менен үч киши, анын ичинде эки тартип коргоочу камакка алынды.

Ата-энеси кыздардын жоголуп жатканын айтып кайрылганда дароо издөө баштабаганы үчүн жергиликтүү полиция башчысы иштен четтетилди.

2012-жылы сүрмө топ зордуктаган студент кыздын өлүмүнөн кийин Индияда зордуктоо үчүн жаза күчөтүлгөн эле.