Ошто жоголгон 16 жаштагы кыз табылды

Ош шаарында он күндөн бери изделип жаткан 16 жаштагы Умида Ихтияр кызы 29-май күнү Жалал-Абаддагы ооруканадан табылды. Бул тууралуу кыздын жакындары кабарлашты.

Умида 19-майда үйүнөн дүкөнгө чыккан бойдон кайткан эмес. 25-майда аны Жалал-Абад автобекетинде ыйлап жүргөнүн көрүшкөн.
 
Кыздын жакындарынын айтымында, ал психикалык соккудан улам башынан өткөндөрүн азырынча толук айтып бере албай жатат. Учурда Оштогу өз үйүндө туугандарынын жанында. (SE)