Акыл оюнунун жеңүүчүлөрү

Шахмат боюнча Жогорку лигада өлкө аймагынан тандалган жана биринчи лигада жеңген 12 эр-азамат жана 12 кыз-келин 11 күн акыл таймаштарына катышты.

Эр-азаматтардан өспүрүмдөр арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин биринчи орунду ээледи.

Кыз-келиндерден бишкектик Александра Самаганова өлкө чемпиону аталды.

Алдыңкы беш орунду ээлеген 10 шахматчыга августта Норвегия өлкөсүндө өтө турган бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына жолдомо ыйгарылды.

Алар: эр-азаматтардан Семетей Төлөгөн тегин, Асыл Абдыжапар, Михаил Марков, Андрей Мазницин жана Мелис Маматов, кыз-келиндерден Александра Самаганова, Ирина Острий, Айжан Алымбай кызы, Диана Өмүрбекова жана Айжаркын Шыңгыз кызы шахмат олимпиадасында өлкө намысын коргойт.

Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасы быйыл 1-августтан 15-августка чейин Норвегия өлкөсүнүн Тромсе шаарында өтөт.