“Центерра Голд” Кумтөрдөгү иш токтошу мүмкүндүгүн эскертти

Кумтөр алтын кениндеги жумушчулар, 14-март, 2013

“Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитпесе 13-июндан тарта кендеги ишти токтотоорун эскертти. Бул тууралуу бүгүн компания тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, “Кумтөр Голддун” жетекчилиги 2014-жылга кенди иштетүү боюнча техникалык долбоор тиешелүү органдарга жиберилгенине карабай, ал долбоор азыркыга чейин бекитилбей жатат. Бул өз кезегинде “Центерра Голд” үчүн бир катар күмөндүү суроолорду жаратып жатат. Ошондуктан кыргыз өкмөтүнө бул ишти тездетүүнү суранып, 13-июнга чейин долбоор бекитилбесе, кендеги иш токтотулаарын эскертти.

Ошондой эле “Центерра Голд” кенге байланыштуу бардык талаштар Эл аралык арбитражда каралаарын да маалымдады.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын тиешелүү органдары ар жыл сайын кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип турушу керек. Буга чейин өкмөт алдындагы Геология жана жер ресурстар боюнча агенттигинен аталган техникалык долбоор учурда каралып жатканын кабарлаган болчу.(BkA)