Бишкек мэри өнүктүрүү планын иштеп чыгууга убакыт сурады

Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын мэри.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардык кеңештен борбор калааны өнүктүрүү боюнча долбоорду кайрадан иштеп чыгууга 9-июнга чейин кошумча убакыт берүүнү суранды. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин шаардык кеңеш мэрия даярдаган Бишкекти өнүктүрүү боюнча планды артка кайтарып, кайра иштеп чыгууга 1-июнга чейин мөөнөт чектеген.

Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов бул мөөнөттө Кулматов планды кайра иштеп чыкпаса, ага ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлөөрүн эскерткен.(BkA)