Түштүк Осетиянын жол башчысы Орусияга кошулууну каалайт

Леонид Тибилов орус президенти Владимир Путин менен. Сочи, 21-май, 2013

Грузиядан бөлүнүп кеткен Түштүк Осетиянын президенти Леонид Тибилов жумурияттын Орусияга кошулушу мүмкүн экендигин билдирди. Ал бул маселени чечүүдө интеграция - маанилүү даярдык баскычы экендигин кошумчалады. Тибилов «убакыт келгенде» Түштүк Осетия Орусиянын карамагындагы Түндүк Осетия менен «биригээрин» белгиледи.

2008-жылдагы Грузия менен согуштан кийин Орусия Түштүк Осетиянын өз алдынчалыгын тааныган эле. Грузия аны жана дагы бир жикчил жумурият болгон Абхазияны өз аймагы деп эсептейт.