Өлкөдөгү өрт кырсыктары 41 өмүрдү жалмады

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 5 айында өлкө боюнча 1611 өрт кырсыгы катталган. Бул былтыркыга караганда, 350гө көп. Өрттүн кесепетинен 41 адам каза болгон. Алардын үчөө балдар. Тилсиз жоо жалпысынан 114 миллион сом зыян алып келген.(BkA)