Француз институту Ташкендеги ишин токтотот

Мындай чечим өзбек бийликтеринин өтүнүчүнөн улам кабыл алынганын  Франциянын Өзбекстандагы элчилиги жарыялады. Бирок институттун жабылыш себептери айтылган жок.
 
2011-жылга чейин Виктор Гюго борбору деген ат менен белгилүү француз  институту Ташкенде 2002-жылдан бери иштеп келген. Ал француз тили боюнча курстарды, маданий иш-чараларды уюштуруп, Франциянын билим берүү программалары, стипендиялары, сынактары тууралуу маалыматтарды таратчу.
 
Эми француз элчилиги билдиргендей, “өзбек элин француз тили жана маданияты менен тааныштырууну алар мүмкүнчүлүккө жараша” уланта бермекчи. (UE)