Машине базарда соода солгун

"Риом" - Кыргызстандагы эң ири автоунаа базары болуп саналат.

Маалыматтар боюнча ишемби-жекшемби күндөрү 13 миңге жакын темир тулпар сатыкка коюлат.

Өлкө Бажы биримдигине бириксе, машине кымбаттайт деген менен учурда соода солгун жана баалар 200-300 долларга арзандаган.

Базар бир нече бөлүктөн турат. Жылы жаңы, кымбат унаалар үстү жабык жайда турса, эскилери ачык асман алдында.

Арасында от алдыргыч сүйрөп, шише, кагаз куту чогулткан балдар да бар.

Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстан ББга кирсе, бажы төлөмдөрүнүн эсебинен машинелер 2-3 эсе кымбаттайт.

Азыр бажы төлөмүнүн жогорку көрсөткүчү транспорттун кубуна 1,5 доллар болсо, Бажы биримдигине киргенден кийин 5 еврону түзөт.

Унаа базардан жүздөгөн адамдар нан табышат.

Баалар машиненин маркасына, чыккан жылына карата өзгөрөт. Маселен москвичтер миң доллардын тегерегинде.

Учурда автомашинелер базарга батпай, жол жээги алып-сатуунун чордонуна айланган.