Нарында ажылык жолдомого сынак өтүүдө

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругу менен Нарындагы дин кызматкерлери үчүн «Үлгүлүү райондук баш имам-хатиб», «Үлгүлүү имам» жана «Мыкты мечит» сынагы  өтүп жатат.
 
Казыят бул номинациялар боюнча 3 жеңүүчүгө ажылыкка жолдомо бермекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын казыятынын басма сөз катчысы билдирди.
 
Сынактын жобосу боюнча 2-19-июнь күндөрү атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү графиктин негизинде облустун 5 районундагы ар бир айылга барып, жеринен текшерип, өз жыйынтыгын чыгарат.
 
25-июнь күнү Нарын обладминистрациясында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылмакчы. Нарын облсунда жалпы 100дөн ашык мечит бар. (TSh)