Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтү бүгүн бүттү

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаев абактагы жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бүгүн, 8-июнда боштондукка чыгышы керек. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Бирок “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Көлбаевдин абактан бошотулушу дүйшөмбүгө калды.

14-майда Жогорку Сот 40 жаштагы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишин карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага чейин шаардык сот Көлбаевди 3 жылга эркинен ажыраткан эле.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялады. (UEz)