Порошенко: Чыгыштагы кан төгүү апта соңуна чейин токтоого тийиш

Украина -- Орусиячыл жикчилер орнотуп алган тосмо. Донецк, 4-июнь, 2014

Украинанын президенти Петро Порошенко чыгыш облустагы кандуу кармаш ушул аптанын этегинде аякташы керек деди. “Адам өмүрүн алып кетип жаткан... ар бир күн мен үчүн кабыл алынгыс”, - делинет президенттин жекшемби күнкү билдирүүсүндө. Порошенко Украина жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн чек араларды калыбына келтирүү зарылдыгын да белгиледи.

Жаңы мамлекет башчы кызматына 7-июнда расмий киришкен. Өкмөттүк күчтөр жүргүзүп жаткан операцияга карабай, орусиячыл жикчилер өлкө чыгышындагы бир топ административдик имараттарды ээлеп турушат.

Кечээ Словянскинин айланасында жана шаардын өзүндө кармаш болгону караланууда.