Хиллари Клинтон китеп жазды

Хиллари Клинтондун китеби, Вашингтон, 9-июнь, 2014.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун “Оор тандоолор” деген аталыштагы китеби бүгүн жарыкка чыкты. Клинтон 2016-жылдагы президенттик шайлоого катышаары да айтылууда. Хиллари айым өзү шайлоого барар-барбасы жөнүндө эч нерсе айта элек. Бирок анын китеби жарык көрүшүн шайлоого карата камылганын алгачкы кадамдары катары баалагандар бар.

"Саймон жана Шустер" басылмасынан чыккан жаңы мемуар бүгүн окурмандардын колуна тийет.