Депутаттар премьер-министр келишин талап кылды

Жогорку Кеңеш

Депутаттар Оштогу газ маселеси жана Кумтөр боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин өзү маалымат берүүсүн талап кылышууда. Бул маселелер боюнча боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль парламентте баяндама жасамакчы болгондо депутаттардын көпчүлүгү макул болбой койду.

Эл өкүлдөрү Кумтөр маселеси боюнча түздөн-түз иш алып барган Жоомарт Оторбаев парламент алдында жооп бериши керектигин айтууда. Мындан улам 10 мүнөткө тыныгуу жарыяланып, өкмөт башчы чакыртылды. (UEz)