Бишкек шаардык соту Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

11-июнда Бишкек шаардык соту Келдибековдун адвокаттарынын арызын карап, Октябрь райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Адвокаттар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Октябрь райондук соту Келдибековду абакта кармоону 27-июнга чейин узартууну 27-майдагы чечинде кабыл алган. Адвокат Татьяна Чильникинанын билдирүүсүнө караганда, ал Бишкек шаардык сотунун чечимин алаары менен Жогорку Сотко кайрылып, Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнөт. (AiT)