Аба ырайы

Шашылыш билдирүү:

14-17 июнда абанын температурасы жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
 
 Аба ырайы:

14-июнда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 м/с.
 
Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37, 
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37,
Баткен облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23....28
Нарында түнкүсүн  5...10, күндүз 22...28.
 
Бишкекте 14-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20...22 градус, күндүз  35...37 градус ысык болот.