Кытайдагы саймачылар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кытайдын Текес ооданында жашаган Турдугүл Сабыржан жакында «Кыргыз уздары» деп аталган кархана ачты. Анда колунан гүл өнгөн ондон ашуун кыз эмгектене баштады. Буга чейинки кыргыз кыздарынын кол өнөрчүлүк дүкөндөрү болгон. Бул жолу ошол дүкөндөрдүн башын бириктирген жаңы топ түзүлдү.