Эшимкановго арналган футбол боюнча турнир өттү

Бүгүн Бишкекте  белгилүү журналист Мелис Эшимкановдун элесине арналган журналисттер арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Анда өлкөдөгү маалымат каражаттарынан куралган 9 команда катышты. Финалдык беттеште ЭлТР телеканалы менен "ТОП.kg” спорттук гезитинин командасы ойноп, 2-1 эсебинде “ТОП.kg" гезити жеңүүчү болду. Экинчиликти ЭлТР, үчүнчү орунду КТРКнын командасы ээледи.

Бул турнир үч жылдан бери уюштурулуп келет. Буга чейин эки жыл катары менен “Азаттыктын” командасы жеңген болчу. (BkA)