Талды-Булактын алтыны быйыл казылып алына баштайт

Кеминдеги “Талды-Булак Сол жээк” кенинен алгачкы алтын быйыл сентябрь айында казылып алына баштайт. Бул тууралуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев парламентте билдирди.
 
Кенди иштетип жаткан “Алтынкен” компаниясынын 60% Кытайга, 40% үлүшү Кыргызстанга таандык. Кытайлык компания аталган кенди иштетүү укугун 2011-жылы сатып алган. Бул кен алтындын запасы боюнча  Кыргызстанда “Кумтөрдөн” жана “Жерүйдөн” кийинки үчүнчү орунда турат.  

“Талды-Булак Сол жээк” алтын кени 80-жылдары советтик геологдор тарабынан чалгындалып, анда 78 тоннадан ашуун алтын запасы бар экени аныкталган. Бирок геологдор кенди толук чалгындаса анын алтын запасы 100 тоннадан жогору болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. (KJ)