Бишкекте кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн таймаш өтөт

Бүгүн, 17-июнда Бишкектеги “Ала-Тоо” эс алуу жана спорт комплексинде кечки саат 8де кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн кыргызстандык Алексей Федосеев менен бразилиялык мушкер Эмерсон Фалькаонун беттешет. Алар кесипкөйлөр арасындагы 66 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиондугу үчүн күч сынашат.

Алексей Федосеев былтыр күзүндө Бишкекте ресторандагы той учурунда мушташта башынан оор жараат алып, операция болгон. Андан бери тогуз ай өтүп, Алексей калыбына келип, дүйнө чемпиондугу үчүн мыкты даярдык көргөнүн “Азаттыкка” устаты, кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов айтты.

Федосеев 2012-жылы Бишкекте өткөн дүйнө чемпионатында швециялык Мартин Актарды уткан. Бүгүнкү таймаш 3 мүнөттүк 5 раунддан турат.

Бул беттешүүдөн сырткары дагы 8 таймашуу болмокчу. Мында орусиялык, казакстандык, өзбекстандык мушкерлер күч сынашат. Кыргызстандын намысын Уланбек Касымбеков, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев, Мирлан Ибраимов, Кумар Жалиев жана Олжобай Кудайберди уулу коргойт. (КМа)