ЕБ министрлери Орусияны Украинадагы тынчтык планын колдоого үндөдү

Украинанын картасы.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияны Украинадагы тынчтык планын колдоп, Орусиядан “мыйзамсыз согушкерлердин, курал-жарак менен жабдуулардын агылышын тыюуга” үндөштү. Министрлердин кеңеши Люксембургдагы жыйындан кийин жасаган билдирүүдө Москва “өз таасиринен пайдаланып” орусиячыл жикчилерди “зордук-зомбулукту токтоттурууга жана куралдан баш тарттырууга тийиш” деп белгиленет.

Орусия ошондой эле Украина менен чек арага аскерлерин топтооону токтотуп, ЕККУ байкоочуларын жана жикчилер барымтага алган башка адамдарды бошотууга көмөктөшүшү керек, - делинет 23-июндагы билдирүүдө.

Министрлер Орусия украин президенти Петро Порошенко сунуш кылган тынчтык планын колдобосо, Москвага каршы санкция киргизилээрин эскертишти.
Алар украин мамлекет башчысынын “тынчтык жана стабилдүүлүккө” багытталган аракеттерин кубатташты.